Диабеттин пайда болушун шарттаган себептердин бири аталды
RU

Диабеттин пайда болушун шарттаган себептердин бири аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

40 жаштан ылдыйкылар уйку качкан зыяндуу адатка кабылса, ден соолук үчүн бир топ эле кооптуулук жаралары айтылды.

Уйку канбагандык өнөкөткө айланганда кишиде диабет пайда болушу мүмкүн. Бул туурасына "Известия" басылмасы жазды.

"Уйкусуздук менен өрчүгөн диабеттин ортосундагы байланыштын бар экендиги бир нече жылдан бери белгилүү. Акыркы учурда мындай нерсе жаштар арасында арбын кездешүүдө. Окумуштуулар эгерде 40 жаштан ылдыйкылар уйку качкан зыяндуу адатка кабылса, жогорудагы илдет менен ооруп калышы толук мүмкүн экендигин аныктап чыгышты", - деген уйкунун гигиенасы боюнча эксперт Стив Пейн.

Адис организмдин инсулинге сезимталдуулугу жогорулаганда диабет пайда болуп, клеткалардын кандын кантын сиңирүү процесси бузуларын айтты. Изилдөөлөргө таянсак, уйкунун жетишсиздиги гемоглобиндин жогорку деңгээли менен байланыштуу. Стив Пейн адамдын мындай абалы диабетке жетелейт деген түшүнүк экендигин эскертти.

Окумуштуу анткен менен жогорудагы эки учурдун эмне үчүн бири-бирин "толуктап", илдетти чакырарынын себеби алигиче табыла электигин кошумчалады.

Маалымат Sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6410