75 жаштагы апа ажылыкка бара турган акчасына көпүрө салдыртты
RU

75 жаштагы апа ажылыкка бара турган акчасына көпүрө салдыртты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжай районунда жөө басып өтө турган көпүрө ачылды. Аны жергиликтүү тургун өз каражатына салдырган, деп Азамат Абсаттаров Faceboook'тагы баракчасына жазды.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Райимбек Таабалдиев Kaktus.kg'ге айтып бергендей, жергиликтүү тургун Нурхан Кочкорова көп жылдан бери чогултуп жүргөн акчасын эки айылды бириктире турган көпүрө салууга жумшаган.

"Көпүрө Кызыл-Булак менен Гайрат айылдарын бириктирип турат. Андан тышкары, айылдыктар ушул көпүрө аркылуу негизги трассага да чыга алышат", - деп айтып берди.

Чиновник белгилеп кеткендей, көпүрө бир айда салынып, курулушка 600 миң сом сартпалды.

"Көпүрөгө Нурхан апанын каза болуп калган күйөөсү Адам-атанын аты коюлду. Ал 43 жашында өтүп кеткен экен", - деп айыл өкмөтү кошумчалады.

Нурхан апа өзүнүн айтымында, ал акчаны ажылыкка баруу үчүн алманын түшүмүн сатып чогулткан. Алма бакты илгери эле күйөөсү тигип кеткен экен.

"Жолдошум эгип кеткен алманын түшүмүн сатып, акча чогулткан болчумун. Ажылыкка барсам, өзүмө гана пайда экен. А мен элге пайда алып келгим келди. Эл сүйүнсүн, колдонсун дедим", - дейт Нурхан апа.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6468