Кыргызстандык спортчу 100 тонна салмактагы 4 вагонду 8 метрге жылдырды (фото)
RU

Кыргызстандык спортчу 100 тонна салмактагы 4 вагонду 8 метрге жылдырды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алексей Тепляшин вагонду ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, спортчу жалпы салмагы 100 тонна 150 кг болгон төрт жүк ташуучу вагонду жана кошумча жүктү 8 метрге жылдырган.

Иш чара 22-апрелде, спортчунун туулган күнүндө өткөрүлгөн. Ал күнү Алексей 40ка чыкты.

Спортчу рекордун кыргызстандыктарга арнаганын билдирди.

Компаниянын айтып бергенине караганда, Тепляшин күч экстрим спортуна кызыгат. Ал мыктарды ийип, болтторду сындырып, мискейлерди бурап, китеп менен карталарды айрый алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6477