Камчыбек Ташиев 2010-жылдын июнь окуяларына кимди күнөөлү деп эсептээрин айтып берди
RU

Камчыбек Ташиев 2010-жылдын июнь окуяларына кимди күнөөлү деп эсептээрин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Генералдык прокуратурадагы сурактан чыгып, 2010-жылдагы июнь окуяларына убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тийиштиги жөнүндө айтып берди.

Ташиевдин айтымында, аны күбө катары чакыртышкан. Учурда 2010-жылдын июнь айындагы өлкөнүн түштүгүндөгү окуялар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кимиси айыпталуучу катары өтүүдө, деген суроого, так билбей турганын айткан.

Менимче, мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын отчетторунда бардык маалымат бар. Негизги күнөө убактылуу өкмөттүн мойнунда деген нерсе дагы. Алар өлкөнүн түштүгүндө бийлигин сактап калуу үчүн жергиликтүү сепаратисттерди колдошкон. Ошонун айынан улуттар аралык араздашуу чыгып кетти. 500дөн ашык адам каза болуп, миңдеген жарандар жабыркашты. Мамлекетке чоң кесепетин тийгизишти. Мунун бардыгы ошол адамдардын кенебестигинин натыйжасы.

Ташиев Кадыржан Батыровду атап, анын качып кеткенин белгиледи.

"Качан, кантип чыгып кеткен, ким менен сүйлөшкөн? Бардыгын иликтеп, мындай окуялар экинчи кайталанбайт деген үмүт бериш керек. Биз, өлкөнү башкарып тургандар, мындайга жол бербешибиз керек", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6478