Кадыр түн - 2022. Качан тосот? Кантип тосот? Эмнелерди кылса болот же болбойт?
RU

Кадыр түн - 2022. Качан тосот? Кантип тосот? Эмнелерди кылса болот же болбойт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын диний башкармалыктары Кадыр түндүн күнүн белгилешти. Быйыл Кадыр түн 27нен 28-апрелге караган түнү болот. Кадыр түндү кантип тосуш керектигин Kaktus.kg'нин материалынан окуңуз.

Кадыр түн деген эмне?

Кадыр түн кыргызча аталышы, арабча - Ляйлятуль-Кадр же Аль-Кадр деп айтылат. Так ушул күнү Мухаммед пайгамбарга Жабраил периштеси түшүп, Куран китебин берген, дейт. Ал түн Орозо айынын акыркы он түндөрүнүн бири болчу экен.

Кадыр түн качан башталат?

Куранда Орозо айынын акыркы он түнүндө деп жазылганы менен так күнү белгиленген эмес. Айрым илимпоздор 26нан 27не караган түн Кадыр түнгө эң жакын дата деп айтышат. Ыйык жазууларда 21, 23, 25, 27 жана 29-түнү деп эскерилген учурлар бар. Кадыр түн күн батаары менен башталып, кайра күндүн чыгышы, башкача айтканда, таңкы намаз менен жыйынтыкталат.

Кадыр түндү кантип аныкташат?

Мухаммед пайгамбардын хадистеринде бул түн башка учурларда болбогондой өзгөчө жайбаракат жана тынч болот деп жазылган. Кадыр түндө жада калса бактар жерге чейин ийилип турат деп айтылган. Бирок аны диний статусу жогору, руханий дүйнөсү бийик адамдар гана көрө алат.

  • Түндүн мелүүн тартып турганы (бул түн жергиликтүү климаттык шарттар үчүн өтө ысык эмес, өтө муздак эмес болот)
  • Ай жарык болот.
  • Жылдыздар учпайт.

Кадыр түндү кантип тосуш керек?

Кадыр түндүн алдында гусул алынат. Андан тышкары жаман ойлордон арылуу керек. Бул түнү бардык кетирген күнөөлөр үчүн кечирим сурап, дуба кылыш керек. Анткени так ушул учурда кийинки Кадыр түнгө чейин бир жыл бою боло тургандардын бардыгы жазылат

Кадыр түндө эмнелерди кылган болбойт

Ичимдик ичкен болбойт.

Ушакташып, жөнү жок сөздөрдү сүйлөгөн болбойт.

Бул түнү уктаган болбойт.

Жаман нерселерди айтып, башкаларды урушкан болбойт.

Кино же көңүл ачуучу программаларды көргөн болбойт.

Кадыр түндү кайдан тосуш керек?

Көңүл ачуучу жайлардан тоскон болбойт. Кадыр түндү үйдөн же мечиттен тосуу зарыл. Жалгыз же жамаат менен бирге.

Бул түнү өткөрүп салган намаздар, Куран окулат. Өткөн-кеткен катачылыктарга анализ жүргүзүлүп, эски таарынычтар кечирилет. Келечекке пландар курулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6480