Кайсы класстар, кандай шарт менен офлайн окутууга кайтып келе турганы белгилүү болду
RU

Кайсы класстар, кандай шарт менен офлайн окутууга кайтып келе турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектептердеги окутууну жандандыруу эпидемиялык кырдаалдан, мектептин проектилик кубаттуулугунан, окуучулардын санынан, окуу кабинеттерден, ж.б. көз каранды болот. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб билдирди.

"Жалпы билим берүү мектептериндеги окуу процесси менчик формасына карабастан дифференциялык түрдө, эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен өткөрүлүүдө. Окуу процессин реалдуу режимде өткөрүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн уруксаты менен жүзөгө ашырылууга тийиш", - деп штаб маалымдады.

ар бир мектеп сунушталган варианттардын бирин тандайт:

300 окуучусу бар мектептер: 1-11-класстар;

300дөн 600гө чейин окуучулары бар мектептер:

1-этап: 1-6-класстар, 9-, 11-класстар;

2-этап: 7-, 8-, 10-класстар.

Кызыл зонада жайгашкан мектептер: 1-, 5-, 9-, 11-класстар.

600дөн көп окуучусу бар мектептер:

1-этап: 1-, 5-, 9-, 11-класстар.

2-этап: Мектептин администрациясы, ата-энелер, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл менен макулдашкандан кийин калган класстар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/64