Саламаттык министри ооруканада жаткан Акылбек Жапаровдун абалы тууралуу айтып берди
RU

Саламаттык министри ооруканада жаткан Акылбек Жапаровдун абалы тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы деле ооруканада жатат. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып берди.

Анын айтымында, Жапаров ооруканадан качан чыга турганы белгисиз. "Абалы туруктуу, бирок дарыгерлер азырынча чыгарбай турабыз дешти. Качан чыгары да белгисиз", - деп комментарий берди.

Эске салсак, 28-апрель күнү эртең менен Акылбек Жапаров Улуттук кардиология борборуна жүрөгү ооруп жана кан басымы төмөн түшүп кеткен абалда жеткирилген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6519