17 жаштагы кыз башкага тийгиси келбей жигитинен ала качуусун суранган
RU

17 жаштагы кыз башкага тийгиси келбей жигитинен ала качуусун суранган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 17 жашар кыз жигитинен ала качуусун суранган. Себеби, башка бирөө алып качат деп кооптонгон. Бул тууралуу ИИБден билдиришти.

Белгилүү болгондой Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айылынын 17 жашар тургуну 2022-жылдын апрель айында райондук ооруканага кайрылган. Андан кийин жигитине телефон чалып, өзүнүн үйүнө алып кетүүсүн суранган. Себеби, белгисиз адамдар аны алып качабыз деп коркутушуптур.

Жигити ооруканага келип, сүйлөшкөн кызын өз үйүнө алып кетет. Ата-энеси ага жоолук салып, келин кылып алууга даярданып жатышкан. Бирок кыздын энеси жигиттин үйүнө милициянын коштоосунда келет. Укук коргоочу органдагылар кыздын жашы жете электигин айтып, нике кыйдыруу мыйзамсыз экендигин эскерткен.

Эки жаштын ата-энеси сүйлөшүп, 2022-жылдын август айында той өткөрүшмөк болушту. Ал кезде кыз 18ге чыгат.

Өспүрүм кыз ата-энесине жеткирилди. Кыздын жакындары милицияга арыз жазуудан баш тартышты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6523