Украинада Анжелина Джоли жарым-жартылай жеп таштап кеткен таттуу токоч аукционго коюлду
RU

Украинада Анжелина Джоли жарым-жартылай жеп таштап кеткен таттуу токоч аукционго коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы тамактануучу жайлардын биринде голливуд жылдызы Анжелина Джоли жарым-жартылай жеп таштап кеткен таттуу токоч аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда Львов шаарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн барган Анжелина Джоли тамактануучу жайлардын биринде таттуу токочтун жарымын жеп, калганын калтырып кеткен. Аны Евгений аттуу ошол тамактануучу жайда кенже тейлөөчү кызматкер болуп иштеген жигит сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аукционго чыгарган. Ал голливуд жылдызы тиштеген таттуу токочтун баштапкы баасын 1 миллион гривен деп белгилегени маалым болду. Бул кыргыз сому менен 2 миллион 800 миң сомго жакын акча.

Ал эми тамактануучу жайдын жетекчилиги Анжелина Джоли ал күнү 3 түрдөгү таттуу токоч жана кофе ичип кеткенин тастыктаганы кабарланды.

Маалымат Super.kg сйтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6557