Орозайым: Бийлик мугалимдердин айлыгын көтөрүп, элди жөн эле алаксытып жатат (видео)
RU

Орозайым: Бийлик мугалимдердин айлыгын көтөрүп, элди жөн эле алаксытып жатат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мугалимдердин айлыгын көтөрүү менен бийлик элди алдап жатат. Мындай пикирин экс-депутат Орозайым Нарматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бийлик мугалимдердин айлыгын эс алууга 2 ай гана калганда көтөрүп койду. Мурун мугалимдер 20-30 саат сабак ала алса, мындан кийин мугалимдер көбөйүп, мурункудай саат ала алышпайт.

­­-Мугалимдердин айлыгы көбөйүп, Кыргызстанда ушундай керемет жаңылык кирди дегендердин бар-жогу, кезектеги бийликтин жазгаруусу, элди алдоосу экен деп кабылдадым,-дейт экс-депутат.

Белгилей кетсек, апрель айынан тартып мугалимдердин айлык маянасы 80 пайызга жогорулаган. Андан сырткары, стимулдаштыруу жагы да каралган – эгер мугалимлдер ийгиликтүү болуп, республикалык, облустук же дүйнөлүк олимпиадаларда жеңүүчүлөрдү чыгара алышса, алар сый акы алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6585