Сузакта селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Сел канча үйдү каптаганы белгилүү болду
RU

Сузакта селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Сел канча үйдү каптаганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Kloop ӨКМдин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, райондо селдин кесепетин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Штабды ведомствонун башчысы Бообек Ажикеев жетектеп жатат.

"Жарандык коргонуу кызматынан 260 кызматкер, ӨКМден 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын 13 мотопомпанын жардамы менен тазалоодо. ӨКМден 12 бирдик, Жарандык коргонуу кызматынан 30 бирдик техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды", - деп билдиришти ведомстводон.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарында сел 606 турак үйдү жана 10 социалдык имаратты каптаган.

Суу каптаган райондордон миңден ашык адам эвакуацияланган. Мекеменин маалыматына ылайык, сел үзгүлтүксүз жааган жаан-чачындан улам көбөйгөн.

"Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады: ички каттамдын жолдорун, эгин талааларын сел алып, турак үйдүн короосун суу каптап,бир нече көпүрө урады", - деп билдиришкен министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6587