Райымбек Матраимов жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 260 миң сом айып төлөйт
RU

Райымбек Матраимов жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 260 миң сом айып төлөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11 февралда Биринчи май райондук соту бажы кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Райымбек Матраимовду жемкорчулулук боюнча күнөлүү деп табып, 260 миң сомдук айып төлөөгө милдеттендирилди.

Матраимовдун эсептеринен арест алынды.

Райымбек Матраимов үчүн мындай жазалоону прокурор суранды. Ал ушундай жазалоо жетиштүү деп эсептейт, себеби мындан мурун Матраимов мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом төлөгөн.

Эске салсак, 2020 жылдын 20 декабрда бажы кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Матраимов республикалык бюджетке 2 млрд сом зыян келтирген.

Буга жооп катары Матраимов тергөө мене макулдаштыкка барганга даяр экенин жана бюджетке 2 млрд сом төлөп береерин айткан.

Кылмыш кодекстин 319 беренесине ылайык "Жемкорчулук" үчүн 10-15 жыл камалышы керек болчу, бирок ал штраф менен гана кутулуп кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/659