260 миң сомго Матраимовдун аялы эмнелерди сатып алмак? (спойлер: билериктин жарымын)
RU

260 миң сомго Матраимовдун аялы эмнелерди сатып алмак? (спойлер: билериктин жарымын)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-февралда, Райымбек Матраимов ага коюлган күнөөнү мойнуна алып, сот 260 миң сом айып пул салды. Себеби, Матраимов өз күнөөсүн мойнуна алды жана 2 млрд сом төлөөгө милдеттенди. Эске салсак, акча толугу менен төлөнүп бүтө элек.

Акыркы кездердеги эң көп талкууланып жаткан сот ишинин мындай жыйынтыкталышы жарандардын таң калуусун жаратты.

Райымбек Матраимов бир нече иликтөөлөрдө эскерилет. Анын бири аялы Уулкан (Аманда) Тургунованын чыгашаларына тиешелүү. Күйөөсүнүн салыштырмалуу чакан расмий кирешесин эске алганда, иштебеген Уулкан Тургунова өтө кымбат бренддик кийим кечелерди, зергер буюмдарды сатып алчу. Райымбек Матраимов айып пул катары 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилди. Kaktus.media бул айда Аманда эмнелерден кур кала турганын эсептеди.

Көрсө, айып пулдун суммасы анын билеригинин жарым баасына эле тете экен.

Же бир көйнөгүнүн акчасына барабар болот.

Эске салсак, 20-октябрда УКМК бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирген зыяны 2 млрд сом деп баа берди. Ага жооп катары Матраимов тергөө менен кызматташып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттенген. Бул өтүнүч арызы Матраимов мамлекетке зыян келтирген жана коррупция менен алектенгенин моюнга алды дегендик.

КРдин Кылмыш кодексинин 319 "Коррупция" беренесине ылайык, ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок, Матраимов айып пул менен эле кутулуп кетти.

АКШнин бийлиги Райымбек Матраимовду жана анын аялы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген. Кийинчерээк жубайлар фамилияларын өзгөртүп алганы белгилүү болду. Эми алар Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/663