50 миң долларлык президенттик стипендияны ким, кандай шартта алат? Эдил Байсаловдун жообу
RU

50 миң долларлык президенттик стипендияны ким, кандай шартта алат? Эдил Байсаловдун жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Иш күндүн кечи" программасында президенттик стипендия боюнча комментарий берди.

Байсалов бул стипендияга дүйнөнүн алдыңкы 100 университеттерине магистратура жана докторантурага тапшыргандар ала аларын эске салды. Ошондой эле инженердик, экономикалык, социалдык-гуманитардык адистиктерге тапшыргандарга артыкчылык берилет.

Байсалов белгилегендей, стипендиат менен демөөрчү тарап келишим түзүп, анда бардык шарттар каралат. Бул келишимдин ийкемдүү шарттары бар экенин баса белгиледи.

"Чындыгында бул түрмө эмес. Келишимде ар кандай милдеттенмелер каралган. Докторантурага барган илимий кызматкер окууну аяктагандан кийин ошол жакта калгысы келерин түшүнөбүз. Бул жерде абдан ийкемдүү шарттар бар. Мунун баары адамдык капиталга узак мөөнөттүү инвестиция. Акча салып, кнопканы басып эле дароо жыйынтык алууга окшош эмес. Биз жөн гана жашоого белет беришибиз керек", - деди ал.

Байсаловдун айтымында, Кыргызстанда буга чейин деле мындай программалар болгон.

"Бул идея жаңы эмес. Буга чейин "21-кылымдын кадрлары" программасы бар болчу. Азыркыдан айырмасы программа эмес, жаран өзү университетке тапшырып, анан мамлекет ага каржылык жактан жардам берген", - деди Байсалов.

Эске салсак, Теңиз Бөлтүрүк Аскар Акаевдин тушунда да "21-кылымдын кадрлары" программасынын катышуучусу болгон. Ал көп жылдар бою чет жерде иштеп, азыр мекенине кайтып келди.

Байсаловдун айтымында, быйылкы жылга 50 стипендия каралган. Келечекте дагы көбөйтүлүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6654