Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыюга аракет кылган. Аны сактап калышты
RU

Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыюга аракет кылган. Аны сактап калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 12-майда, Ош шаарында 17 жаштагы өспүрүм кыз салынып бүтө элек көп кабаттуу үйдөн секирип, өз жанын кыюгу аракт кылган. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомство берген маалыматка ылайык, Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатында 17 жаштагы К.А. аттуу кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Окуя бологон жерге куткаруучулар тобу чыгып, кызды түшүрүшкөн. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин өспүрүмдү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6665