1-июлдан тартып Ысык-Көлдөгү бардык пансионаттар темир тосмолорун алып салышат
RU

1-июлдан тартып Ысык-Көлдөгү бардык пансионаттар темир тосмолорун алып салышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн аймагында жайгашкан көптөгөн санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүн чектеп жатат.

Аталган калктуу конуштардын тургундарынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу кесепеттерди болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

2022-жылдын 1-июлунан тартып:

  • жогоруда аталган жарандардын тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынсын;
  • Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан, ачылуучу калиткалары жок жана жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) демонтаждалсын, ошондой эле аларды мындан ары орнотууга тыюу салынсын;
  • менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилсин;
  • тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына жергиликтүү калктын кирүүсүнө чектөө коюу фактыларына бөгөт коюу жана болтурбоо боюнча комплекстүү чаралар көрүлсүн;
  • курорттук-рекреациялык объекттердин аймагында коомдук тартипти сактоонун зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп турсун;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынын жогоруда аталган жоболорун, ошондой эле ушул Жарлыктын талаптарын аткаруудан баш тарткан ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин белгиленген тартипте бузуу;
  • Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарында жалпыга жеткиликтүү пляж аймактарын уюштуруу.

Ушул Жарлыктын 2-пунктун аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагынын объекттерин куруунун, абаттоонун, техникалык эксплуатациялоонун жана күтүүнүн эрежелеринин жаңы редакциясын иштеп чыксын жана бекитсин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6675