Батир сатып алгандар "KG группту" алдады деп айыпташууда. Чынында эмне болду эле?
RU

Батир сатып алгандар "KG группту" алдады деп айыпташууда. Чынында эмне болду эле?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында "KG групп" курулуш компаниясына акчасын төлөп коюп, үлүш кошкондор батирлерин ала албай калышты, деген маалымат пайда болгон. Ага жооп катары курулуш компаниясы бул публикацияда комментарий берүүнү чечти.

22 үлүш кошуучу ортомчуга батирдин акчасын беришкен

"KG групп" алданып калгандар батирлерин компаниянын өзүнөн эмес, ортомчу Эльвира Газиева аркылуу сатып алышканын маалымдайт.

Ал компания үчүн металл жеткирип берчү. Жеткирип берген арматуранын акчасынын ордуна батирлерди алып, аларды сатуу үчүн өзү кардар издеген. Газиева кардарларды компанияга алып келип, ал жерден үлүштүк курулуш боюнча келишим түзүлчү. Бирок үлүш кошкондордун акчасын компания эмес Газиева өзү алып келген. Арматура жеткирилип берилгенден кийин курулуш компания сатып алуучуларга квитанция жазып берчү. Төлөм жүргүзүлгөн квитанциясыз келишим жараксыз деп эсептелинет.

Ошентип 14 келишим түзүлүп, Эльвира Газиева компаниянын жана үлүш кошкондордун ишенимине кирген. Ошол эле учурда компания батирлердин квадрат метрин 550 доллардан сатса, ал 400 доллардан сатып, кардарларды кызыктырчу.

Мында шек бар деп, баш тарткандар да көп болгон. Ошентип 22 үлүш кошуучу алданды. Газиева акча алгандан кийин сатып алуучуларга тил кат жазып берчү экен. Бирок аны компанияга берип, же анын ордуна металл алып келген эмес.

Муну билген үлүш кошкондор компанияга келишкен. Тараптар компания аларга базар баасынан төмөн баа менен батирлерди сатат, ал эми үлүш кошкондор Газиеваны сотко берип, келтирилген зыянды кайтарып берүүнү талап кылышат, деп макулдашышкан. Бирок, сатып алуучулар "KG групп" компаниясынын сунушуна макул болбой, батирлерди бекер алгылары келип жатканын билдиришкен. Газиевага доо арыз жазылды.

Биринчи инстанция айыпталуучуну 15 жыл эркинен ажыратып, келтирилген зыяндын орду толтурулсун деген өкүм чыгарса, шаардык сот - келтирилген зыяндын ордун толтурбастан колонияга 10 жыл камакка алынсын, деген өкүм чыгарган. Жогорку сот экинчи инстанциянын өкүмүн күчүнө калтырууну туура көрдү.

Кийин белгилүү болгондой, Газиева тергөө жүрүп жатканда 78 млн сомго алдамчылык иш аракеттерин жасаган.

Үлүш алуучулардын окуялары

Жабыркаган үлүш кошуучу Шааркан Матказиеванын айтымында, ал батирди 2016-жылы сатып алган. "Ал кезде Газиева менен "KG групп" бирге иштейт деп айтылган болчу, ошондуктан ага акчамды берип салгам. Эми акчасы да жок батири да жок калдым, - дейт.

"Келишимге кол коюп жатканда, компания үлүштүк катышуу долбоору, төлөм болгондугу тууралуу квитанция көрсөтүлгөндөн кийин гана жарактуу болот деп айтышкан. Биз Газиевага 36 миң доллар бергенбиз, ал бизге "сумманы толугу менен алдым" деген тил кат жазып берди. Бирок, ал акча компанияга түшпөптүр, арматура да келген эмес. Компанияга келип сураштыра баштаганыбызда квитанцияны көрсөткүлө дешти. Бизде көрсө квитанция эмес, жөн эле тил кат экен. Кийин ал кезде директор болуп турган Имамидин Ташов менен жолуктук. Ал бизди түшүнүүгө аракет кылып, жардам көрсөттү. Биз кайрадан келишим түзүп, арзандатылган баада батир сатып алдык. Мен сотко кайрылган жокмун, анткени өзүм мени алдоого жол бердим", - дейт Маатказиева.

Үлүш кошуучу Марат Эльвира Газиева аркылуу "KG групптан" эки батир сатып алган.

"Мен компанияга 2016-жылы келгем. Мага бир нече вариант сунушташты. Эльвира Газиевадан сатып алуу же түздөн-түз компаниядан сатып алуу, экөөнүн бирин тандашым керек болчу. Сатуу бөлүмүндө мага жаккан үйдө 4- жана 12-кабаттагы эле батирлер калганын айтышкан. Мен үчүн 12-кабаттагысы жараган жок. Ал эми 4-кабаттагы батир Газиевага бекитилген экен. Кызыгы, баасы компаниядагы баасына караганда 150 долларга арзан. Мен кыйла эле акча үнөмдөп калаарымды ойлодум. Батирдин баасы чечүүчү фактор болду. Мен акчаны берип, Газиева ал каражатка компанияга металл жеткирип бермек", - деп жабырлануучу айтып берди.

Эки үч жуманын ичинде кардар төлөгөндүгү тууралуу квитанция алышы керек болчу.

"Акчаны берип жатканда ал мага тил кат жазып берди. Кийин компанияга акчаны да бербептир, металл да жеткирбептир. Текшерүү процесси татаал экенин түшүнөм. Акырындап ремонт жасай берүүнү чечтим. Дагы бир нече ай өтүп, компания дале аны таппай жатты. Ал жашырынып, кийин ден соолугуна шылтап келбей жүрдү. Газиева үлүш кошуучулар акчаларын бербей жатышат, деп компанияга айтканын жайында уктук. Бирок мен эки батирдин акчасын толугу менен анын колуна карматкам. Мен ага 78 миң доллар бергем! Башында Газиева компания менен сүйлөшүп алды, деп шектенип жүрдүм. Ал эми компания бизди Газиева менен сүйлөшүп алышкан деп ойлоптур", - дейт Марат.

Андан кийин компания Газиевага акчаларын берген 22 үлүш кошуучуну чогултту.

Ал өзү канча акча бергенибизди компанияга айтпагыла, деп суранган болчу.

"Компаниянын жетекчилиги Газиева жарым жылдан бери метал жеткирбей калганын билдирди. Компания аны сотко берүүнү сунуштады. Ошол эле учурда, Имамидин Ташов батирлерди арзандатылган баада кайра сатып алууну сунуштады. 2017-жылдын декабрь айында биз анын атына доо арыз жазганбыз. Тергөө жүрүп жатканда, шылуундардын торуна түшкөнүмдү түшүндүм. Компания бул жерде жөн гана каражат катары колдонулган экен, мен алардан акчамды кайтара албай турганыма көзүм жетти. Ошондо компанияга келип, батирлеримди өз баасынан арзаныраак баада сатып алууну чечтим. Кошумча келишим түзүп, кайрадан батирдин акчасын төлөдүм. Газиеваны сот айыптуу деп тапты, ал азыр отурат. Бирок, материалдык зыян тартып калганымдын ордун толуктоо үчүн, мен дагы доо арыз жазам.

Ал эми компанияга жана Имамидин Ташовго каршы чыккандар, "KG групп" алдады, деген маалыматты жайгандар Газиевадан эч нерсе ала албай турганына көздөрү жетип, эми компаниядан доолап жатышат", - деп Марат айтып берди.

Дагы бир жабырлануучу Мира Сыдыкова, батирди 4 жыл мурун сатып алганын айтты. Сумманы толугу менен Эльвира Газиевага берген. Башында компаниядан арзан баада батирин сатып алууга каршы чыккан. Бирок кийин бул маселени тынчтык жолу менен эле чечүүнү туура көргөн.

"Газиеванын риэлторлору бизге батирди көрсөтүшкөн, бизге жагып, алалы деп чечкенбиз. Андан кийин компанияга келип, келишим түздүк, акчасын Эльвирага төлөдүк. Баасы базар баасынан төмөн болот деп түшүндүрүштү. Бизге бир аз акча жетпей турганда, жакшы болду. Акча алдым деп тил кат жазып берген. Биз компанияга келип, келишим түзгөнбүз. Ал жерде төлөгөндүгү тууралуу квитанция болгондо гана келишим жарактуу деген пункту бар экен. Газиева компания бир жумадан кийин квитанция жазып берет, деп айткан. Мен келип сурасам, акча түшө электигин айтышты. Компания бизди чогултканда гана эмне болгонун түшүндүк. Биз башка үлүш кошуучулар менен биригип Газиеваны сотко бердик. Азыр шылуунга берген акчамды кайтарып алуу үчүн кайра доо арыз жазууну чечтим", - дейт Сыдыкова.

"KG групптун" позициясы

Компаниянын юристи Айгүл Семембаева белгилегендей, 2016-2017-жылдары үлүш кошуучулар менен "KG групп" компаниясынын ортосунда үлүштүк курулуш келишими түзүлүп жатканда компаниянын кассасына акча түшкөн эмес.

Макулдашуулар Газиева аркылуу жүргөн, ал ортомчу болуп, жарнама жайгаштырган. Ошондой эле, ал үлүш кошуучулардан алган каражатка металлоконструкцияларды жеткирип берүүнү милдеттенген. Анын ордуна ал батирлерди өзүнө бекитип алчу, ал эми металл жеткирилгенден кийин компания ага квитанция жазып берчү.

Кардарлар Газиева менен келишим түзгөнү келгенде, аларга базар баасы менен компаниянын өзүнөн батир сатып алса болот, деп сунушташчу. Же Газиева аркылуу квадрат метрин 100-200 долларга арзаныраак алса болот, деген сунуш айтылат. Газиева менен келишим түзгөндөр, азыркы учурда жабырлануучулар, ал металл жеткирип бергиче күтүш керек экенин билишкен.

2017-жылы бир да жолу товар жеткирилбегени ачыкталды. Компания өзү да Газиевага ким канча акча бергенин билчү эмес. Мунун бардыгы компания жабырлануучуларга батирлердин ачкычын бербей, жаңжал чыккандан кийин гана аныкталып жатат.

Компаниянын кардарлардын төлөмдөрү тууралуу, Газиевага ким канча акча бергендиги тууралуу, арматураны жеткирип берүүгө каражаты барбы же жокпу дегендер тууралуу эч кабары жок болчу. Ал өткөрүү-өткөрүп алуу актысын түзүүдөн качып жүрчү. Ошол эле учурда, батирлерди өз атына бекитип алган. Келишимде акча төлөнгөндөн кийин гана келишим күчүнө кирет, деген пункт бар болгону менен акчалай да, арматура менен да эч кандай каражат түшкөн эмес.

Ташов директор болуп турган кезде эле бардыгы ачыкталган. Ал үлүш кошуучулардын маселесин көтөрүп чыгып, аларды чогултуп, бардыгын аныктай баштаган. Газиева күнөөлүү экени белгилүү болгондон кийин, Ташов ал үчүн жооп берүүгө аргасыз болгонун билип, кийин иштен четтеген.

Компания төмөндөтүлгөн баада сатып алууга каршы чыгып жаткан 11 адамга квартираларын бекер бере албайт. Алар принципиалдуу түрдө кошумча келишим түзүүдөн баш тартып жатышат. Алар батирлерди жөн эле бергиле деп талап кылышууда. Бирок компания ал батирлер үчүн бир тыйын да пайда көргөн жок, бул иштин материалдарында да көрсөтүлгөн. Аларды Ташовдун алдыга жылып, карьерасы жогорулап, чет өлкөгө чыгып жатканы нааразы кылып жатат. Бирок, ал көңүл ачуу үчүн чет өлкөгө кетип жаткан жери жок, ал дарыланууга барып келген. Аны тастыктоочу бардык документтер бар", - деп юрист баса белгиледи.

Анын айтымында, компания алданып калган үлүш кошуучуларды чакырып, бардыгын жайдары сүйлөшүүнү сунуштаган, бирок алар бир пикирге келгиси жок, жөн гана батирди бергиле, деп талап кылып жатышат.

"Биз сүйлөшүп, батирлерди арзан бада сатып алып, Газиевага келтирген зыянын кайра калыбына келтирүү боюнча доо арыз жазууну сунуштап жатабыз. Биз айына 500 доллардан төлөгүлө деп талап кылган жерибиз жок. Биз: "Айлыгыңар канча, канча төлөй аласыңар?", - деп сурадык. Бирок алар жалган маалыматты жайылтып, компания аларды алдады, деп айыптап жатышат", - деп Семембаева сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/668