Июнь окуясы боюнча мурдагы үч аткаминерге айып тагылды
RU

Июнь окуясы боюнча мурдагы үч аткаминерге айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каргашалуу июнь окуясы үчүн мурдагы аткаминерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, июнь окуясы боюнча тергөө тобу УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго жана мурдагы губернатор Бектур Асановго айып тагылган. Алар чет жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандашкан.

Кеңешбек Дүйшебаев Kaktus.media сайтына каргашалуу июнь окуясы боюнча чындап эле айып тагылганын билдирди.

"Мага КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, мен Исмаил Исаков жана Бектур Асановдой күнөөмдү мойнума албайм", - деди Дүйшөбаев.

Ал бул иш саясий жана негизсиз экенин баса белгиледи.

"Алар эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандашкан. Исаков менен Асанов дагы эле Башкы прокуратурада, алар жабылабы же жокпу, азырынча билбейм", - деп түшүндүрдү Кеңешбек Дүйшебаев.

Андан тышкары, ал Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө да айып тагылаарын билбейт, бирок азырынча оппозиция өкүлдөрүнө гана айып тагылганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6764