Турникте жаш жигиттей көнүгүүлөрдү жасаган 70 жаштагы Дамир Жунушов. Видео
RU

Турникте жаш жигиттей көнүгүүлөрдү жасаган 70 жаштагы Дамир Жунушов. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дамир Жунушов 70 жашта. Ал спорттун "воркаут" деген түрү менен 50 жашынан бери машыгат.

Жунушов жаан, кар дебей бир күн да калтырбай спорт аянтчасына келет. Ал жок дегенде төрт сааттай тер чачып кетет.

Ал сыяктуу машыгып жүргөн улуу адамдар көп экенин айтат.

"Бул жерде эң эле улуусу менмин. Бирок 60, 50 жаштагы спорт менен активдүү машыгып жүргөндөр да бар. Жаш курак бул жөн гана сандар, болбосо баарыбыздын жөндөмүбүз бирдей эле. Спорт биринчиден өзүңдү жеңүүгө, ден соолукта, жайдары жүрүүгө жардам берет. Адамга булардан башка дагы эмне кереги бар. Акча менен эмес, ден соолук менен бай болуш керек",- дейт ал.

Кесиби боюнча архитектор болгон Жунушов мындан тышкары гитара чертип, үн созуп, өзү да ыр жазып турарын айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6806