Эркек киши дүкөнгө кирип, 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөттү. Видео
RU

Эркек киши дүкөнгө кирип, 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылынын тургундары кайрылышты.

Аминанын айтымында, сиңдичи Аяна (аты-жөнү өзгөртүлдү) Петровка айылында ата-энеси жана чоң энеси менен жашайт, алардын азык-түлүк дүкөнү бар.

"Сиңдим 26-март күнү чоң апамдын ордуна дүкөнгө чыккан. Дүкөнгө белгисиз адам келип, жыныстык органын көрсөтө баштаган. Ал адамга дүкөндө коопсуздук камералары бар экенин айткандан кийин чыгып кеткен", - деди Амина. Ал киши мурда анын кичинекей сиңдисин да аңдып жүргөнүн белгиледи.

Аяна көзүнө жаш алып үйгө чуркап кирип, болгон окуяны ата-энесине айтып берген.

"Апам дароо милиция чакырды, алар келип, бирок болгон окуяны укканда, алар ачык эле шылдыңдай башташты. Коркунучтуу эч нерсе болбоптур, эмне үчүн мындай майда-чүйдө нерселерге убара кыласыңар деп кетип калышкан. Милициянын тергөөчүсү Азамат Эгембердиев болчу", - деди Амина.

Бир канча убакыттан кийин жабырлануучулар бул адамдын сүрөтүн чыгарып алып, өз алдынча издей башташкан. Алар ал киши айылга жакында эле келгенин, динчил адам катары эсептелерин жана дүкөнгө жакын жашаарын аныкташкан.

"Эки күндөн кийин ал дүкөнгө келип, эжем баарын өзү ойлоп тапкандай, күнөөсүн мойнуна албай баштады. Чоң энем тергөөчү Эгембердиевге дагы телефон чалды. Бирок, ал жооп берген жок. Ага чейин эле шектүү кармалганын айткан", - деди ал.

Эки жумадан кийин, тактап айтканда 2022-жылдын 14-апрелинде кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Ош облусунун тургуну К.С.А. кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин оор кылмыш катары саналган "16 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык адепсиз жоруктарды жасоо" беренеси боюнча айып тагылган.

Маалым болгондой, тергөө учурунда жана баш коргоо чарасын тандоодо ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал эми тергөө судьясы А.Аскарбеков шектүүнүн жашаган жеринен оң мүнөздөмөлөр айтылганын, анын үч баласы бар экенин айтып, аны камакка алуудан баш тарткан.

"Соттун чечимине баарыбыз таң калып, облустук сотко арыздандык, бирок соттук коллегия биздин арызыбызды кайтарып берип койду. Сотко мындай арыздарды берүүгө укугубуз жок деп жатышат", - дейт Амина.

Жабырлануучулар шектүү качып кетиши мүмкүн деп коркушат же андан да жаманы эркиндикте жүргөндө башка да жашы жете элек кыздарга ушундай мамиле кылат деп ойлошот.

"Дээрлик күн сайын бизге кылмышка шектүүнүн жакындары келишет, алар сөгүп, анан коркутуп жатышат. Бизге 150 миң сом сунушташкан, бирок биз баарынан баш тартабыз, жазалоону талап кылабыз. Коомчулук реакция кылып, резонанс жаралып, аны бошоткондор менен кошо күнөөлү да жазасын алат деген үмүттөбүз, - деп жыйынтыктады Амина.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6807