Ак-Суу районунда 6 жаштагы кыз каза болду. Ата-энеси экспертизадан баш тартышкан
RU

Ак-Суу районунда 6 жаштагы кыз каза болду. Ата-энеси экспертизадан баш тартышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Суу районунун Чолпон айылында 6 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

РИИБдин маалыматы боюнча, 22-майда ооруканага Чолпон айылынын 6 жаштагы тургуну жеткирилип, каза болгон.

Кыздын атасынын көрсөтмөсүнө караганда, 21-майда ал ооруп, кусуп эртеси каза болуп калган.

Сырткы экспертиза кыздын денесинде зомбулуктун белгилерин тапкан эмес. Ата-энелер укук коргоо органдарына арыз жазуудан, ошондой эле соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6808