Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин отпукасын узартууну сунуштаган эмесмин дейт
RU

Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин отпукасын узартууну сунуштаган эмесмин дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек чиновниктердин отпускасын узартууну сунуштаган эмесмин деп айтып чыкты. Бул тууралуу депутат Facebook'тагы баракчасына жазган.

"Урматтуу Достор! Мен,Коргонбай уулу Жусупбек мамлекеттик чиновниктердин отпускасын убактысын узартуу боюнча жана чиновниктердин иш оргуусу боюнча мындай сунуш берген эмесмин!!! Озум Санкт-Петербург шаарынан учуп келгениме эки кун эми болду! Жалган маалыматты абайласанар! Тешип чыкпасын бир жеринерди! Мамлекеттеги чиновниктер тескерисинче кабинеттерине раскладушка коюп алып жатып иштеш керек!!Дем ала турган заман болбой жатат!" - деп депутат жазган.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 2022-жылдын 20-майынан тартып коомдук талкууга коюлган. Жогорку Кеңештин сайтында бул мыйзам долбоордун демилгечиси Коргонбай уулу Жусупбек деп турат.

Депутат сунуштаган мыйзам долбоорго Маалымкат-негиздеме тиркелген. Анда төмөнкүдй абзац бар:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6811