Банктын төрагасынын орун басары мас абалында машине айдап, кайгуул кызматына кол салган
RU

Банктын төрагасынын орун басары мас абалында машине айдап, кайгуул кызматына кол салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бакай Банкынын" төрагасынын орун басары Марат Какеев милиция кызматкерлерине кол салган. Ал мас абалында машине айдагандыгы үчүн токтотулган. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 14-февралда, болжол менен саат 03:30да Шопоков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул кызматынын милиционерлери айдоочунун соо эместигин шекшип, жеңил унааны токтотушкан.

Айдоочу өзүн чиновникмин деп тааныштырып, аны кое берүүну суранган. Бирок милиция кызматкерлери протокол түзүү үчүн андан документтерин талап кылышкан. Буга ачууланган айдоочу күч кызматкерлерине атырылган. Тынчтанууга чакырган милицияларды сөгүп, андан кийин кол салып, алардын погондорун, жетонун жана камерасын жулуп салган.

Окуя болгон жерге Бишкектин Свердлов РИИБсинин ыкчам-тергөө тобу чакырылып, кол салуучунун өздүгү аныкталды. Ал "Бакай Банктын" төрагасынын орун басары, 1976-жылы туулган, Марат Саламатович Какеев экени белгилүү болду.

Экспертиза анын мас экенин да тастыктады.

"Марат Какеев камакка алынгандан кийин РИИБнин тергөө бөлүмүнө прокуратура кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүлө баштаган. Алар ишти жаап, же токтотуп коюуну талап кылышкан. Кандай жол менен болсо да, кое берүүнү айтышкан. Натыйжасында, 14-февраль күнү күндүз, кетпөө жөнүндө кол каттын негизинде, соттун чечими менен бошотулган", - деп маалымат булагы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/681