Таласта үч жаштагы бала жана анын апасы сууга чөгүп кетишти
Апасы баласын куткарып калам деп, өзү кошо чөгүп кеткен. Мындай маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 14-февралда, болжол менен саат 16:50дө Талас районун Арал айылында 2018-жылы туулган бала көлмөгө чөгүп кеткен. Аны куткарууга аракет кылган апасы өзү да каза болду.
Баланын атасы уулунун сөөгүн куткаруучулар келгенге чейин эле суудан чыгарган, ал эми келинди КРдин ӨКМинин №101 өрт өчүрүүчү кызматы чыгарып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, деп билдирүүдө жазылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/682