Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 70 жаштагы карыяны өлтүрө сүзгөн
RU

Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 70 жаштагы карыяны өлтүрө сүзгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-май күнү кечинде Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 70 жаштагы карыяны сүзүп кетип каза болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы бул окуяны көчөлөрдүн жарыксыздыгы менен байланыштырды.

Маалым болгондой, кырсык саат 22:00дөр чамасында Москва районунун Садовое айылында болгон: 21 жаштагы айдоочу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, көчөдө жарык жок болгондуктан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 70 жаштагы жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6858