"Райым үйүндө, эмне үчүн төрт баланын энеси камакта?" Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү
RU

"Райым үйүндө, эмне үчүн төрт баланын энеси камакта?" Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-февралда, Өкмөт үйүнүн алдында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн тургандары митинг уюштурушту. Алар Абдил Сегизбаевдин иши боюнча камакка алынган Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылып жатышат.

Митингге келгендер Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Чодобаева, төрт баланын энеси экенин айтышып, алардын арасында эмчектеги баласы бар экенин кошумчалашты.

Камакка алынгандын тууганы, ал үй камагында отуруп деле суракка келе берет, деп белгиледи.

Катышуучулар "Райым үйүндө, эмне үчүн төрт эненин баласы камакта?", "Жылдыз Чодобаеванын эмчектеги баласы бар, кудайды карагыла! Бошоткула!", "Садыр Нургожоевич! Айкөлдүк - ажонун сапаты! Адилеттүүлүктү сурайбыз!" ж.б. жазуулар жазылган плакаттары менен митингге чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/685