ККМге каршы чыккан митингчилерди камайбыз деп коркутуп таратышкан (сүрөт жана видео)
RU

ККМге каршы чыккан митингчилерди камайбыз деп коркутуп таратышкан (сүрөт жана видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-майда өкмөт үйүнүн жанына митингге чыккан кичи ишканалардын өкүлдөрүн камайбыз деп коркутуп таратып жиберишкен.

Адегенде митингге чогулгандар аларга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чыгып, алардын сөзүн укмайынча кетпей турууну көздөшкөн. Бирок митинг болгон жерге милиционерлер түрмөгө камоо үчүн алып кетүүчү машиналарды алып келишкен. Андан соң митингчилердин бир бөлүгү тарап кетишсе, дагы бир бөлүгү митинг болгон жерден алыстап, тарыхый музейди көздөй жылды.

Митингдин катышуучуларынын бири келген милиция кызматкерлерине нааразычылыгын билдирип, тынч убакта аларды чакыруу кыйын экенин, бирок митингге чыккандарды таратууга келгенде абдан тез жетип келгенин белгиледи.

Эске салсак, 30-майда өкмөт үйүнүн жанында ККМ орнотууга каршы болгон ишкерлердин митинги өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6878