Ууру кичинекей балдар жалгыз калган үйгө кирип, бычак такап, үйдөгү акчаны алып кеткен
RU

Ууру кичинекей балдар жалгыз калган үйгө кирип, бычак такап, үйдөгү акчаны алып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Панфилов районунун милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, бир күн мурун Панфилов РИИБсине каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөтүлүп, 2021-жылдын 11-февралында, саат 14:00 чамасында Кайыңды шаарында жергиликтүү тургундун үйүнө медициналык маска кийген белгисиз адам кирип келген. Ошол учурда үйдө жашы жете элек төрт бала жалгыз болчу. Белгисиз адам 11-жаштагы кызга бычак такап, акча жана баалуу буюмдар кайда сакталып тургандыгын көрсөтүүнү талап кылган. Бөлмөлөрдүн бириндеги капчыкты байкап, ал жерден акча алып, андан кийин дайынсыз изин суутуп кеткен. Окуя болгон учурда үйдүн кожойкеси үй-бүлөлүк маселелер боюнча кеткен.

Аталган факты Панфилов районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-(каракчылык) беренесинин негизинде КЖБРге катталып, сотко чейинки тергөө өндүрүш иши башталган.

Тергөө-ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп, Панфилов районунун ИИБсинин Криминалдык милиция кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү делип, 27 жаштагы Г.А. жаранын аныктап, кармап келишкен.

Учурда аталган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/692