Финпол өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады
RU

Финпол өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак ниеттүү ишкерлерди коргоо боюнча иштердин жүрүшүндө Финансы полициясы ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнөн товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктап, жок кылды.

Белгилүү болгондой, ушул мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган кылмышкерлер, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен алдын-ала сүйлөшүп алып, башка мамлекетке туруктуу жашаганга көчүп кетүүнү пландаштырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын, алардын атына коомду каттоо жана кийинчерээк ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ири көлөмдөгү элдик керектөөдөгү товарларды ташып келүү максатында, акчалай сыйлыкка тандашкан жана көндүрүшкөн.

Ошол эле учурда, бул адамдар акы төлөп, ТМБны ташып кирүүдө талап кылынган (келишимдер, инвойс, ТТК жана коштомо кагаздар) чет өлкөлөрдүн аймагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин атынан жасалма документтерди даярдашкан, ошону менен ташылып кирилген ТМБнын чыныгы ээлерин салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууга көмөктөшкөн. Ошентип, ташылып кирилген ТМБнын чыныгы ээлеринин салык милдеттенмелери болгон эмес.

2021-жылдын 13-февралында, тийишүү иш-чаралардын жүрүшүндө, бул кылмыш схемасынын башкы уюштуруучусу А.А. жаран кармалган. Ага карата тергөө иштери аяктаганга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө чарасы колдонулган.

Унаага жана А.А.нын үйүнө тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда чет элдик компаниялардын (Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы) мөөрлөрү,

бухгалтердик документтер, Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорттору, ошондой эле ири суммадагы акча каражаттары табылган жана алынган.

Учурда Финансы полициясы экономикалык коопсуздукту, анын ичинде бизнести коргоону камсыз кылууга багытталган иштерди жигердүү алып барууда.

Бул коррупциялык схеманы жок кылуу жагымдуу климатты жана ак ниет бизнес

өкүлдөрүнүн тең атаандаштыгын шарттайт деп белгилегибиз келет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/694