Баш байге 100 миң сом. Мыкты шаар куруу долбоору үчүн сынактын мөөнөтү узартылды
RU

Баш байге 100 миң сом. Мыкты шаар куруу долбоору үчүн сынактын мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясы мыкты шаар долбооруна сынак жарыялады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак 1-апрелде башталып, эми анын мөөнөтү 30-июнга чейин узартылды. Максаты "жарандар менен уюмдарды жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө тартуу, мыкты инструменттерди аныктоо, аларды шаардын актуалдуу маселелерин чечүүгө стимулдаштыруу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды жана демилгелерди киргизүүнүн системалуу механизмин түзүү".

Сынакка катышуу үчүн арыздар жеке жарандардан да, демилгелүү топтордон да, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан да кабыл алынат. Бир талапкерден бир долбоор болушу керек.

Алгачкы эки орунду ээлеген катышуучулар 100 миң сомдон, эки орунду алган эки жеңүүчүгө 80 миң сомдон, үчүнчү орунду алган эки жеңүүчүгө 50 миң сомдон тапшырылат.

Катышуунун шарттары жана тандоо критерийлери тууралуу кененирээк маалыматты мэриянын сайтынан тапса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6962