Өкмөт үйүнүн алдында кайрадан митинг өтүп жатат: Бул ирет чек ара маселеси боюнча (видео)
RU

Өкмөт үйүнүн алдында кайрадан митинг өтүп жатат: Бул ирет чек ара маселеси боюнча (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-февралда, Өкмөт үйүнүн алдына чек ара райондоруна чектеш айылдардын тургундары митинг уюштурушту. Алар, адаттагыдай эле президент Садыр Жапаровдон чек ара маселесин чечүүнү талап кылышууда.

Митингдин катышуучулары чиновниктерге, чек ара райондоруна барып, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен жерлерде эмне болуп жатканын өз көзү менен көрүп келүүнү сунушташты. Алардын пикири боюнча, коңшу өлкөлөр "экспансиялык саясатты" жүргүзүп жатышат.

"Айрымдары биздин жерлерге көчөт тигип жатса, башкалары биздин тоолорубузга ээлик кылып алышты, а биздин өлкөнүн ички саясаттан башы бошой элек", - дейт сөз алгандардын бири.

Андан тышкары, митингге чыккандарды премьер-министр Улукбек Мариповдун "Токтогул суу сактагычынын бир бөлүгү коңшу өлкөгө таандык" деген сөзү нааразы кылды.

Белгилей кетсек, чек ара айылдарынын тургундары митингге кечээ эле чыгып, өзүнүн талаптарын билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/696