Екатеринбургдагы 15 жаштагы өспүрүм вейптин айынан беш тиши жок калды
RU

Екатеринбургдагы 15 жаштагы өспүрүм вейптин айынан беш тиши жок калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Екатеринбургда 15 жаштагы өспүрүм вейптин жарылуусунан улам 5 тишинен ажырап, эриндерин айрып алды. Бул тууралуу "РИА Новости" билдирди.

Полициянын маалыматы боюнча,15 жаштагы өспүрүм досунан вейп алып, үйүнө алып келип, эч ким жок кезде аппаратты күйгүзгөн. Ошол замат "тарс" эткен катуу үн чыгып, оозу катуу ооруп, кан кете баштаган. Шоктон чыккандан кийин гана алдыңкы беш тиши жок экенин аныктаган.

Алгач өспүрүм ата-энесинен коркуп, тишсиз калганын жашырууга аракет кылган. Бирок көп өтпөй апасына болгон окуяны айтып берген. Натыйжада, вейптин кесепетинен өспүрүмдүн эки эрини тең жарылып, үстүнкү жана астыңкы азуу тиштери сынган, билеги болсо күйүк алган. Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги иликтөө иштерин баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6993