Депутат 18 жаштагы кыздарды чет өлкөгө турмушка чыккандан кийин гана чыгарууну сунуштады
RU

Депутат 18 жаштагы кыздарды чет өлкөгө турмушка чыккандан кийин гана чыгарууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энесинин коштоосунда же турмушка чыккандан кийин гана чыгарууну сунуштады.

Атазов кыздардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн миграция көйгөйлөрү менен байланыштырды. Андан тышкары, миграция кызматынан тиешелүү маалымат берүүнү суранды

Бирок, депутат кандай маалымат алууну каалап жатканын тактаган жок..

Эскерте кетсек, мындай сунуш парламентте биринчи жолу айтылып жаткан жок. 2013-жылы депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка чейинки кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү идеясын көтөрүп чыккан. Ушундай эле сунуш экс-депутат Турсунбай Бакир уулунда дагы болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7012