"Дагы 32 бала ооруду деп катталды". Пневмония оорусуна кабылган балдардын саны өсүүдө
RU

"Дагы 32 бала ооруду деп катталды". Пневмония оорусуна кабылган балдардын саны өсүүдө

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстанда пневмонияга кабылган балдардын саны күн санап өсүүдө. Мындай маалыматты Kaktus.media'га Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору айтып берди.

Анын айтымында, 16-февралдын эртең мененки учуруна карата ооруканда 150 бала дарыланууда. Бир күндүн ичинде 32 бала келип түштү.

Ал эми Кавасаки-өңдүү синдрому бар бейтаптардын саны тескерисинче, азая баштады. Ооруканада, бүгүнкү күндө Кавасаки-өңдүү синдром менен эки бала дарыланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/703