Бишкекте кассалык аппараттарды орнотууга каршы соодагерлердин митинги өтүп жатат. Видео
RU

Бишкекте кассалык аппараттарды орнотууга каршы соодагерлердин митинги өтүп жатат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Горький атындагы гүлбакчада кассалык аппараттарды орнотууга каршы соодагерлердин митинги өтүп жатат.

Митингге ар кайсы облустан, ошондой эле Бишкектен жүзгө жакын соода күркөлөрүнүн жана чакан дүкөндөрдүн ээлери чыкты.

"Биз ККМге каршыбыз. Бул жерге жакшы жашоодон келген жокпуз. Биз патентке, ижарага, светке, сууга, таштандыга, жерге төлөйбүз. Мындан тышкары техникалар бузулат, аларга акча кетет. Анан эмне үчүн бул чыгымдарды эске албай туруп, 30-40% деп чечим кабыл алып коюшат? Биз өзүбүздү өзүбүз багып келетабыз. Эмнеге бизге көйгөй жаратып, жеңилдик кылбайт? Бул жерден жакшы жооп алмайын кетпейбиз",- дешти митингчилер.

Митингчилер министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун аларга чыгуусун талап кылып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7049