УКМК жумушсуз Дженгодо ондогон машине, жер тилкелери жана үйлөрү бар экенин аныктады
RU

УКМК жумушсуз Дженгодо ондогон машине, жер тилкелери жана үйлөрү бар экенин аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновко "Кылмыш кирешелерди легализациялоо" беренеси боюнча сотко чейинки иш козгоду. Бул жөнүндө мекеменин пресс-борбору маалымдайт.

Бир нече жолу соттолгон жана эч качан эч жерде иштебеген Досонов (Дженго) 19 түрдүү машине жана бир нече кыймылсыз мүлктүн (15 батир жана 35 жер тилкеси) ээси болуп чыкты.

Мунун баары жакын туугандарына жана башка Досовдун жанында жүргөн кишилерге катталган.

Азыркы учурда оперативдүү иштер жүргүзүлүп, акча каражаттардын жана мүлктүн пайда болгон булактары аныкталууда, дейт УКМК.

Тергөө жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/705