Депутат: КММАнын ректору өлүктөрдү сатканы үчүн кызматтан алынган, эми кайра келди (видео)
RU

Депутат: КММАнын ректору өлүктөрдү сатканы үчүн кызматтан алынган, эми кайра келди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова мурда адамдардын сөөгүн саткандыгы үчүн кызматтан бошотулганын билдирди.

Таштанбеков 2000-жылдары депутат кезинде, иликтөө иштерин жүргүзгөнүн айтты.

"Ошол иштин натыйжасында Бубель сыяктуу генералдар, медициналык академиянын ректору, ГУИНдин 20га жакын кызматкерлери кызматтарынан бошотулган. Документте Кызарт айылынын 27 жаштагы тургуну Максат Качкыналиев каза болгон делип көрсөтүлгөн, бирок ал тирүү кезинде бир ай бою эксперимент жасалып, андан соң сууга ыргытылганы белгилүү болгон. Бир айдан кийин гана ата-энеси аны жерге берген. Драматург Кеңешбек Жаналиев Свердлов РИИБде дайынсыз жоголгондордун катарында болгон. Аны эксперименттин катышуучусу тирүүлөй сатып жиберген. Менин оюм боюнча Медициналык академиянын азыркы ректору Индира Кудайбергенова сөөктөрдү саткандыгы үчүн кызматтан алынган. Тилекке каршы кайра жумушка орношту. Жалпы 700дөн ашык өлүктөр чет өлкөгө чыгарылып, алардын 500гө жакыны – соттолгондордун сөөгү, 17 өлүк зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөндөр. Алардын денесинен октор алынган. Ошондой эле 100 тоннадан ашык органдар чыгарылып кеткен. Ошол кылмыштарды жасап, атууга уруксат берген адамдар азыр да өз кызматтарында отурушат. Германиядагы музейде биздин кыргыз жигиттери бар",- деп билдирди Таштанбеков.

Андан сыркары бийлик алып кеткен сөөктөрдү жерге берүү үчүн кайра туугандарына кайтарып береби деп сурады.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков депутат айткан маалыматтар чектен чыккан фактылар экенин, бирок өзүндө эч кандай маалымат жок экенин айтты.

"Азыр биздин мекемелерде кыйноо жок деп ишендирип кетем", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7096