Депутат: Сооронбай Жээнбеков кой баксын, мамлекеттик сакчынын ага эмне кереги бар (видео)
3352
Депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик сакчыларына кызыкты.
Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында ал Европада аткаминерлер жумушка велосипед менен келээрин айтты.
"Британиянын премьер-министри Борис Джонсон велосипед тээп жүрөт. Ал эми биздин мурунку жетекчилер кайсы аткарган иши үчүн мамлекеттик күзөтчүлөр менен жүрөт. Сооронбай Шариповичти эмнеге коргош керек? Андан көрө Кара-Кулжага барып кой баксын! Роза Отунбаевага эмне кереги бар. Мамлекет карызга батып жатканда аларга акча коротуунун кереги жок. Керек болсо тралейбустарда жүрүшсүн", - деп ачууланды Токторбаев.
Ал мамлекеттик күзөтчүлөр президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына гана керек деп эсептейт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7100