Call-борбор: тарбиячы балдарга кол көтөрүп, аларды сарайга калтырып кетем деп коркуткан
RU

Call-борбор: тарбиячы балдарга кол көтөрүп, аларды сарайга калтырып кетем деп коркуткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда болжолдуу түрдө Кызыл-Аскердеги бала бакчалардын биринде тартылган видео таркады.

Кадрда эки аял жана эки баланы көрүүгө болот. Бир бала урба деп катуу ыйлап жаткан, ага тарбиялоочусу ыйы менен башкаларды ойготорун айтып унчукпоону талап кылат. Бир нече секунддан кийин тарбиялоочулардын бири кичинекей сарайдын эшигин ачып, балдарды ал жерде калтырып кетем деп коркутат. Балдар ого бетер кыйкырып, ыйлай башташат.

Кадрлардын биринде балдардын бетине же жамбашына урган үндү угууга болот.

Окуя короонун арт жагында болгон. Видеого караганда, ыйлап жаткан бала трусий гана кийип жүргөн. Видео так качан тартылганы белгисиз.

Билим берүү министрлиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7130