"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКда асынып өлдү
RU

"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКда асынып өлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коррупцияга шектелип кармалган "Айыл Банк" ААКтын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКнын СИЗОсунда асынып алды. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына бир эле учурда бир нече булактардан билдиришти.

Белгилүү болгондой, анын денеси бүгүн эртең менен СИЗО камерасынан табылган. Алдын ала маалымат боюнча, учурда сөөк өлүкканада.

Бакыт Асанбаев ушул жылдын апрель айында жеке фирмага 3,5 миллион доллар насыя берүү боюнча иштин алкагында кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7131