"Знаешь ли ты" ырын ырдаган МакSимди күйөрманы элдин астында кулатып салган. Видео
RU

"Знаешь ли ты" ырын ырдаган МакSимди күйөрманы элдин астында кулатып салган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык ырчы МакSим Екатеринбургда өткөн "Музыка түнү" фестивалында ырдап жатканда сахнага чуркап чыккан күйөрманы аны кучактайм деп жыгытып алган.

Видеодон сахнага чуркап чыккан көрман ырчыны кучактайын деп жатканда күзөтчү аны токтотуп, сахнадан алып кетүүө аракет кылган. Ошол учурда колунан кармап турганы үчүн ырчыны тартып кетип, кулап түшкөн.

Ырчынын күйөрманы бул окуядан кийин кечирим сурап, аны кумири катары билерин, сахнага чуркап чыгып, андан автограф сурайын деген ою болгонун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7273