Тоодон секирип өз жанын кыюуга аракет кылган аял эмнеге бул жолго барганын түшүндүрдү
RU

Тоодон секирип өз жанын кыюуга аракет кылган аял эмнеге бул жолго барганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-июнь күнү Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо аял өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок куткаруучулар 27 жаштагы Айгерим Эмилбек кызын сактап калышкан.

Аял мындай кадамга эмне үчүн барганын айтып берген. Анын айтымында, күйөөсү аны балдарынын көп урган. Ошонун айынан экөө ажырашкан.

"Жолдошум мени көп уруп, бир канча жолу реанимацияга түшкөм. Буга чейин да өзүмдү өлтүрүүгө аркет кылып, 14 саат комада жатып калгам. Анда да эми эле эсиме келип жатсам жолдошум балдар ыйлап жатат деп үйгө кетүүгө мажбурлаган. Андан кийин балдарымдын баарын алып, мени үйдөн кууп чыкты. Укук коргоо органдарына кайрылгам, алар жардам беришкен жок", - деп эскерет аял.

Ошондон кийин сот иши башталып, Эдилбек кызын балдарына алимент төлөөгө милдеттендирген.

"Баламды январь айында эмчектен чыга элек кезинде алып кеткен. Ошондон бери балдарымды көрө элекмин. Алыстан эле көрүү үчүн мектептерине барсам балам "апа келбеңизчи, атам сиз менен жолуксак, бизди такыр алыс жакка алып кетип көрүштүрбөй коём деди" дешет. Кароолчуларга да дайындап коюшкан. Алар мени кууп чыгышат. Жолдошум өзү "Достукта" бажычы болуп иштейт. Туугандары жогорку кызматта иштешет. Ошолорго, алардын акчаларына ишенип каалаганын кылып жатат. Соттун адилеттүү чечимин күтүп жүрөм", - дейт аял.

Айгеримдин адвокаты жолдошунун туугандары Жогорку Кеңеште иштейт экен деп, алар басым көрсөтүп жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7302