Атазов англисче үйрөнсө, Акаевде кризис. Депутаттар кантип эс аларын айтышты. Видео
RU

Атазов англисче үйрөнсө, Акаевде кризис. Депутаттар кантип эс аларын айтышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июлда Жогорку Кеңештин депутатттары эки айлык жайкы эс алууга кетишет. Жалпысынан жаңы парламент алты ай иштеди. Kaktus.kg эл өкүлдөрү эс алуусун кандай өткөрүүнү пландап жатканын билип көрдү.

Шайлообек Атазов, бир мандаттуу округдардан шайланган депутат

Биринчиден үй-бүлөмө убакыт бөлөм. Экинчиден интеллектуалдык өсүш жасайм. Тил жана саясий курстардан өтөм. Орус жана англис тилин үйрөнөм. Бир жумага көлгө барып келем.

Кундузбек Сулайманов, "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Жайкы каникулга эч кандай планым жок. Чет өлкөгө чыгам деген такыр оюм жок. Өзүбүздүн кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгине үч күнгө барып келишим мүмкүн.

Бактыбек Сыдыков, "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Бала-чакамды алып көлдү кыдырабыз. Андан кийин өлкө ичинде зыярат кыла турган жерлерге барабыз.

Сеидбек Атамбаев, бир мандаттуу округдардан шайланган депутат

Шайлоочуларым менен жолугам. Иштер көп. Азыр мына суу маселеси чыгып жатат. Андан кийин эс алабыз.

Нуржигит Кадырбеков, "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясы

Биринчи айыл-апага барып келем. Анан үй-бүлөмө көңүл бөлөм. Саясатка аралашкандан бери балдарым кантип чоңоюп жатканын байкабай калдым. Анан үч роман баштап алгам. Ошонун бирөөсүн бүтүрөм. Каражатым болсо Өзбекстанга же Түркияга чыгып келем.

Карим Ханджеза, "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Шайлоочуларым менен жолугуп, алар менен отуруп сүйлөшүп, ой-пикирлерин угам. Анан үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө барам. Барып калсам бир жерге отурбайм, тоолорду кыдырып айланам.

Жанар Акаев, "Альянс" парламенттик фракциясы

План түзө албай башым катты. Алайга бир барып келем го. Анан кадимкидей эле көлгө барам. Быйыл финансыдан бир аз кыйналып турам. Айлыкты күтүп жатам.

Замирбек Мамасыдыков, "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясы

Үйгө барам. Айылда ата-энем жалгыз. Мурда ошол жакта жандарында болчум. Эми балдарды алып барып келем. Шарт болуп калса көлгө дагы барам.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7319