Call-борбор: Машинеде калтырып койгон 20 миң сомду кайтарган айдоочуга рахмат
RU

Call-борбор: Машинеде калтырып койгон 20 миң сомду кайтарган айдоочуга рахмат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты Call-борборго асиям жөнөттү.

Дүйнөдө жакшы адамдар аз эмес. Бүгүн мен такси чакыргам. Бирок адашып, башка машинеге отуруп алыпмын. Башка такси экенин билгенден кийин, чыгып, өзүмдүн таксиме отуруп кеткем.

Жетчү жериме жеткенден кийин гана биринчи машинеде баштыгым калып калганын түшүндүм. Анда 20 миң сом жана документтерим бар болчу. Мен аябай капаландым, себеби бул акча менен бала бакчанын жана ижара акысын төлөп, карызымды кайтарышым керек эле. Кимге чалаарымды да билбейм, анткени машиненин номерин да маркасын жаттабай калыптырмын.

Дегеле, такси беле же такси эмеспи билбейм.

Бир маалда белгисиз номерден мага чалышты. Бул жанагы айдоочу бала экен. Машинесиндеги баштыкты көрүп калып, мени издей баштаптыр. Паспортумду табып, үйүмө келиптир, бирок мен үйдө жок элем. Коңушуларды араласа, эч ким жок. Анда ал жаныбыздагы дүкөнгө кирип, менин номеримди сатуучудан алыптыр. Ошентип, мени табып, баштыгымды кайтарып берди. Ушундай жакшы адамдар барына мен ыраазымын. Чоң рахмат сизге, Мухтархан уулу Тынчыбек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/731