Белгилүү репер Kelly сексуалдык максатта адам сатып жүргөн делип 30 жылга камалды. Видео
RU

Белгилүү репер Kelly сексуалдык максатта адам сатып жүргөн делип 30 жылга камалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1990-2000-жылдардагы эң ийгиликтүү реперлердин бири R. Kelly адам сатуу жана сексуалдык зомбулук көрсөтүп жүргөнү үчүн 30 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

55 жаштагы ырчы тогуз берене боюнча айыпталган. Анын ичинде рэкетчилик жана сексуалдык максатта адам сатуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Прокурорлордун айтымында ал уландарды жана кыздарды эксплуатациялоого атак-даңкын колдонгон. Рэпер 25 жылдан бери такай кылмыш иштерине аралашып жүргөнү далилденген.

Андан сырткары ал киши 15 жаштагы кызга мыйзамдуу түрдө үйлөнүү үчүн анын өздүк документтерин да жасалмалаган.

Келли 1990-2000-жылдардагы эң ийгиликтүү ырчылардын бири, үч Грэмми музыкалык сыйлыгынын ээси жана "I Believe I Can Fly" ырынын автору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7325