Депутат: Бийлик Жогорку Кеңеш алардын көзөмөлүндө экенин көрсөтүп жатат
RU

Депутат: Бийлик Жогорку Кеңеш алардын көзөмөлүндө экенин көрсөтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, депутаттарга жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча "жол картасы" алдын ала таратылды. Момбековдун пикири боюнча, ошону менен бийлик Жогорку Кеңеш алардын көзөмөлүндө экенин көрсөтүп, коомдук пикир менен эсептешпей турганын билдирип жатат.

Конституциянын долбоору менен катар парламентарийлер анын үстүнөн иштөөнүн графигин да алышты. Анда документти талкулоо, кошумчалоо жана корутундуну даярдоонун күндөрү жана ага жооптуулар көрсөтүлгөн, дейт депутат. Графикке ылайык иш төмөнкүчө жүрөт:

  • 18-21-февралда депутаттар сунуштарын киргизишет, ал эми Конституциялык секретариат долбоорду кайра иштеп, тиешелүү оңдоп түзөөлөрдү жасайт.
  • 24-февралда парламентке референдумду өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору киргизилиши керек, ал эми Конституциянын долбоору документке тиркеме катары болот.
  • 25-февралда бардык корутундуларды даярдоо.
  • 2-9-мартта профилдик комитет референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорду үч окууда карап чыгышы керек.
  • 10-мартта парламент мыйзам долбоорду кабыл алат.
  • 12-мартта президент кол коет.
  • 11-апрелде Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтөт.

"Бардык депутаттарга мындайча айтканда "жол картасын" таратып беришти. Бул, алар Жогорку Кеңештин пикири менен эсептешпейт, дегенди билдирет. Жогорку Кеңеш бийликтин өзүнчө бутагы. Бул "жол картасы" автор деп аталган 80 депутат үчүн эле болушу мүмкүн. Бирок калган депутаттарга эмне кереги бар? Бул кандайдыр бир иш чаранын программасына окшоп калды, ким канчада чыгып сөз айта турганынан өйдө жазылгандай. Референдум - бул өлкөнүн тагдырын чече турган олутуу өзгөрүү. Булар аны жөн эле бир иш чара катары көрүп, башка депутаттардын, коомчулуктун пикири менен эсептешпей эле коюуну чечишти. Конституцияны ошентип да кабыл алабы?", - деп депутат Kaktus.media'га пикирин билдирди.

Эске салсак, парламент президенттин бийлигин күчтөндүрүүчү Конституциянын долбоорун карап жатат. Жаңы Конституциянын мыйзам долбоору 11-апрелде, жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен бир өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/732