Эки унаа... Бүгүн "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясынын биринчи оюну өткөрүлөт
RU

Эки унаа... Бүгүн "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясынын биринчи оюну өткөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгун, 1-июлда салык кызматы тарабынан уюштурулган "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи оюну өткөрүлөт.

Маалыматка караганда, иш-чара саат 18:00дө Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлөт. Лотереяда баалуу байгелер, анын ичинде 2 унаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Утуштун соңунда кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программалар болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7338