Жапаров келгенден бери тышкы карыз 1 миллиарддан көпкө өстүбү? Президент муну четке какты
RU

Жапаров келгенден бери тышкы карыз 1 миллиарддан көпкө өстүбү? Президент муну четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде анын тушунда Кыргызстандын тышкы карызы дагы 1 миллиард 250 миллион долларга көбөйгөн деген маалыматты четке какты.

"Бул калп. Демократияны пайдаланып, мындай жалганды тараткандарга ишенбегиле. Тышкы карыздар боюнча маалыматтын баарын Каржы министрлигинен текшерсеңер болот. Буга чейинки келишимдер боюнча акча алынган, анын жарымы кредит, а жарымы гранттар. Бирок 2021-жылы мындай кредиттердин суммасы 100 миллион доллардан ашкан жок. Кандай болгон күндө да биз тышкы карызды жыл сайын толук төлөп турабыз. Буга мамлекеттин күчү жетет. Биз барган сайын кошумча киреше булактарын ала баштадык. Келечекте дагы көп болот. Мурда биз салык жана бажы төлөмдөрүнө гана ишенчүбүз. Карыз алсак да мурдагыдай колдонбойбуз. Биз алган акчаны өзүн-өзү актай турган, кирешелүү тармактарга жумшайбыз, бул биздин кирешебизди эки-үч эсе көбөйтөт", - деди президент.

Эске салсак, бир күн мурун саясатчы Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1 миллиард 300 миллион долларга көбөйтүүнү көздөп жатканын айткан. Андан соң саясатчы кармалып, алты сааттык сурактан кийин бошотулганын жазган. Равшан Жээнбековдун айткандарын Каржы министрлиги да четке какты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7357