Кой-Таштагы каза болгон жоокердин денесинен эки ок табылганбы? (видео)
RU

Кой-Таштагы каза болгон жоокердин денесинен эки ок табылганбы? (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө, 4-июлда жоокер өзүн атып каза болду. Андагы аскер бөлүктүн командири Алтынбек Тынаев жоокер Элдияр Жайлообековдун өлүмүнүн чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, каза болгон жоокер аскердик унааларды коё турчу жерди кайтарган. Анын денесинен эки ок табылганы айтылууда.

"Түнкү саат экиде мага телефон чалып, ок атылганын айтышты. Ошондон бир мүнөт өтпөй кайра ок атуунун үнү угулду. Ал бордюрда отурганда өзүн атып салган. Анан аны резервдеги топ таап чыккан", - деди Тынаев.

Эске салсак, жоокер каза болгонун анын жакындары бүгүн эртең менен кабарлашкан. Алар жоокердин өз жанын кыйды деген версиясына ишенишпейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7369