Өлтүрүлгөн адамдын эжеси: Сөөгүн 9 жылдан кийин таптык, күнөлүүлөр жазасыз жүрүшөт (видео)
RU

Өлтүрүлгөн адамдын эжеси: Сөөгүн 9 жылдан кийин таптык, күнөлүүлөр жазасыз жүрүшөт (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Инимдин сөөгүн 9 жылдан кийин таптык, аны аёосуз өлтүргөндөр жазасыз жүрүшөт. Бул тууралуу Instagram баракчасынын колдонуучусу видео чыгарып күнөөлүлөр жазасын алсын бул маалыматты бөлүшүп койгула деп суранган.

Анын айтымында инисин кошуналары өлтүргөн.

"2013-жылдын 22-октябрында иним Ишенов Талант дайынсыз жоголгон. Ал үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жылдар бою биз аны тирүү келсе экен деп күтүп жүрдүк. Токмок шаарында инимди, анын кошуналары аёосуз өлтүрүштү. 9 жыл бою эч нерсе болбогондой басып жүрүштү. Мына эми 9 жылдан кийин, ушул жылдын 3-майында инибиздин сөөгү табылды.

10-майда эки шектүү кармалган, алардын саны ондоп саналат. Арадан эки ай өттү, иш дагы деле жылбай жатат, милиция иштебейт. Күнөөлүүлөрдүн баары мыйзам чегинде жазасын алып, камалсын. Ар ким мыйзам алдында жооп бериши керек!

29-июнь күнү агабыздын сөөгүн жерге бердик. Жалгыз уул болчу.

Жазасыздык мыйзамсыздыкты жана кылмыштуулукту жаратат!",- деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7382